2025-12-16
.
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Инженердик факультетинин Электроника жана электр инжиниринг бөлүмүндө жүргүзүлгөн Аналогдук электроника сабагынын алкагында, студенттердин теориялык билимдерин практикага айландырууну максат кылган долбоордук иштер 2025-жылдын 16-декабрында ийгиликтүү аяктады.
Сабактын жүрүшүндө студенттер аналогдук схемаларды долбоорлоо, сенсордук колдонмолор, микроиштеткичке негизделген системалар жана IoT чечимдери боюнча топтордо иштеп, өз алдынча оригиналдуу долбоорлорду иштеп чыгышты. Бул процесс студенттерге инженердик көйгөйлөрдү чечүү ыкмаларын практикалык негизде өздөштүрүүгө, ошондой эле долбоорлоо, прототиптөө, тестирлөө жана жыйынтыкты сунуштоо көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Реалдуу турмуштагы маселелерге багытталган бул долбоорлор практикага негизделген билим берүүнүн ачык мисалы болуп саналат.
Бул алкакта төмөнкү долбоорлор аткарылды:
Электрондук Комуз (ElectroKomuz): Салттуу комуз аспабын электрондук схемалар аркылуу үн иштетүү жана күчөтүү мүмкүнчүлүктөрү менен заманбап музыкалык аспапка айландыруу.
Акылдуу көчө жана IoT: Сенсорлор жана IoT инфраструктурасы аркылуу айлана-чөйрөлүк маалыматтарды көзөмөлдөө жана башкаруу.
Радиожыштык сигналдарын аныктоочу түзүлүш (FM Receiver): FM диапазонундагы радиоберүүлөрдү кабыл алып, иштеткен алуучу схеманын долбоору.
Акылдуу үй колдонмосу: Аналогдук сенсорлор жана башкаруу схемалары менен ишке ашырылган негизги акылдуу үй функциялары.
Микроиштеткичке негизделген металл детектор: Магнит талаасынын өзгөрүшүнө жараша металлды аныктоочу система.
Көчмө өрт өчүргүч түзүлүштүн долбоору: Жалын жана түтүн сенсорлору менен башкарылган, кыймылга жөндөмдүү коопсуздук системасы.
Акылдуу RFID эшик системасы: RFID технологиясынын негизинде кирүү-чыгууну көзөмөлдөгөн эшик долбоору.
Акылдуу сугаруу системасы: Топурактын нымдуулугун өлчөөчү сенсорлор жана башкаруу схемалары аркылуу сууну үнөмдүү пайдаланууга багытталган автоматтык система.
Аналогдук электроника сабагынын алкагында аткарылган бул долбоордук иштер студенттердин техникалык билимдерин гана эмес, командалык иштөө, долбоорду башкаруу жана коммуникациялык жөндөмдөрүн да өнүктүрдү. Бул долбоордук процесс бөлүмдүн практикага багытталган билим берүү саясатын чагылдырган маанилүү окуу-тарбиялык иш-чара катары бааланат.



