2026-04-07


«Тең салмактуулуктун универсалдуулугу» аттуу семинар өткөрүлдү


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Инженердик факультетинин Электроника жана электр инжиниринг бөлүмү тарабынан уюштурулган «Тең салмактуулуктун универсалдуулугу: Жарым өткөргүчтөрдөн адам мамилелерине чейин» аттуу семинар 2026-жылдын 6-апрелинде ийгиликтүү өткөрүлдү.

Семинарды бөлүмдүн окутуучусу доктор Мехмет Карадениз өткөрүп, ар кандай дисциплиналарда кездешкен «тең салмактуулук» түшүнүгүнүн окшош жактары талкууланды. Иш-чара Инженердик факультеттин 401-аудиториясында студенттердин жана окутуучулардын активдүү катышуусу менен өттү.

Семинарда жарым өткөргүч физикасындагы массалык аракеттенүү мыйзамы, химиядагы иондук көбөйтүндүнүн тең салмактуулугу жана коомдук түзүлүштөрдөгү катыштардын окшоштуктары дисциплиналар аралык көз караш менен каралды.

Катышуучуларга табияттан коомго чейинки процесстерде тең салмактуулуктун универсалдуулугу жана ар түрдүү тармактардагы жалпы математикалык түзүлүштөрдүн мааниси түшүндүрүлдү.

Семинардын жыйынтыгында катышуучулар мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгилеп, келечекте дагы улантылышы керектигин айтышты.