2024-03-18


"FM QUIZ" акыл таймашы


2024-жылдын 14-мартында "FM QUIZ" (F - Fen, M - Mühendislik) аталышындагы интеллектуалдык оюн болуп өттү. Оюнга Табигый илимдер жана Инженердик факультеттеринин студенттери катышты.

Оюнга төрт адамдан түзүлгөн 28 команда катышып, беш категориядан болгон жалпы 44 суроо берилди.

Жыйынтыгында алдыңкы 3 орунду жеңген командалар акчалай сыйлыктар жана сертификаттар менен сыйланышты.

1-орунду Электроника жана электр инженерлиги бөлүмүнүн студенттеринен түзүлгөн "Steady State" командасы,

2-орунду Математика жана Билогия бөлүмдөрүнөн түзүлгөн "Larren" командасы,

3-орунду Электроника жана электр инженерлиги бөлүмүнөн түзүлгөн "НАНО" командасы жеңишке жетти.

Аталган интеллектуалдык оюн студенттердин арасындагы байланышты, ынтымакты бекемдөө жана билимге болгон кызыгууну арттыруу максатында өткөрүлдү.

Жеӊишке  ээ болгон командаларды сыйлыктары менен куттуктап, мындан ары дагы албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!