2024-03-28


КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯСЫ


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн кенже илимий кызматкери PhD Бодошов Айбек жана бөлүмдүн “Gofood” студенттик клубунун активдүү катышуусу менен 22.03.2024 күнү Бишкек шаарындагы Ленин районундагы аз камсыз болгон 19 үй-бүлөгө “Азык түлүк баштыкчалары” даярдалып таркатылды. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдун тизмеси Ленин райондук социалдык коргоо мекемесинен расмий түрдө алынды. Азык түлүк баштыкчалары ар бир үй-бүлөнүн жашаган даректерине жеткирилип берилди. Бул акцияга салым кошкон ар бир катышуучубузга терең ыраазчылык билдиребиз.