2024-05-20


Интеллектуалдык таймаш


Инженердик факультеттин базасында курулган «ManasTech» Инновациондук борборунун алкагында 03/04/2024 бүтүн университеттин  студенттерине интеллектуалдык таймаштын кызыктуу кечеси болуп өттү! Катышуучулар экологияны жана жаратылышты билүү боюнча жарышып, бир жолу колдонулуучу стаканчиктерди колдонуу маселеси боюнча маалымдуулукту жогорулатышты. Бул иш-чара билимди көрсөтүү үчүн аянтча гана эмес, аң-сезимдүү керектөөнү жайылтуу каражаты болуп калды. Университеттин мерчи  жана китеп дүкөнүнүн сертификаттары баш байгеге ээ болуп, жеңүүчүлөргө татыктуу таануу гана эмес, жаңы билимдерди өздөштүрүүнү улантуу мүмкүнчүлүгү да берилди.