2024-05-31


"Пландын бир бөлүгү болуңуз" конференциясы


Кыргыз-Түрк Манас Университетинин экология инженерлиги бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери Жаратылыш Ресурстары, экологиялык техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы "Биоартүрдүүлүктү сактоо" боюнча департаменти уюштурган 22-май Эл аралык Биоартүрдүүлүктү сактоо күнүнө карата өткөрүлгөн «Пландын бир бөлүгү болуңуз» аталышындагы конферецияга катышышты . Иш чара эки күндөн туруп, 1-күнү студенттер аталган департаменттин жетекчилигинен жана эксперттерден биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча жана Кыргызстандагы өзгөчө корголуулу аймактарда тууралуу маалыматтарды алышты. Иш-чаранын экинчи бөлүгү "Акмена" коомдук уюмдун кеӊсесинде өттү. Иш чара чоӊ Чүй каналынын жээгин тазалоо менен башталып,  мастер класстар менен улантылды. Студенттер "экодом" менен таанышып, жер үйдүн саркынды суу системасы, үй шартында компост жасоо, айдоо жерин туура пландоо сыяктуу маалыматтарды экскурцииянын негизинде алышты.