2024-05-31


ECO TEDx


ManasTech инновациялык лабораториясында экологиянын темасына арналган кызыктуу ЭКО TEDx иш-чарасы 15-май күнү болуп өттү. Студенттер талкууга активдүү катышып, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өз ойлору менен бөлүшүштү. Спикерлердин катарында Нуржан Чонуева, Максат Абдижалил уулу, Каныкей Кадырова, Ирина Агафонова жана Аяна Мырзабекова чыгып сүйлөп, экологиядагы өздөрүнүн кайталангыс окуялары, идеялары жана практикалык чечимдери менен бөлүшүштү. Бул иш-чара шыктандыруучу талкуулар үчүн аянтча болуп калды жана көрүүчүлөрдү жаратылышты коргоого кошкон салымы жөнүндө ойлонууга түрткү берди. ManasTech инновациялык лабораториясында TEDx ар түрдүү идеялар адамдарды жалпы баалуулуктардын жана умтулуулардын айланасында, өзгөчө экологиялык жоопкерчилик контекстинде кантип бириктире аларын көрсөттү.