2025-05-28
2025-жылдын 19- май күнү факультетибиздин Экология инженерлиги бөлүмүнүн мугалимдери жана студенттери "БИОТА" экоклубу менен биргеликте Бишкек шаарындагы «Айданек» балдар үйүнө кайрымдуулук иш-чарасы менен барышты.
Иш-чаранын алкагында атайын демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жалпы 12 000 сом өлчөмүндөгү каражат чогултулуп жана Кырыз -Түрк “Манас” университеттин жардамы менен жалпы фонддо 30000 сомдук акча топтолду . Алынган каражатка балдар үчүн канцелярия буюмдары, гигиеналык жана жуучу каражаттар сатып алынып, «Айданек» балдар үйүнө жеткирилди. Ошондой эле балдарга “Алиса Шоу” аниматорлору жана студенттер менен бирге шоу жана оюндар уюштурулду.