2025-06-18


Салттуу иш-чарабыз болгон "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө Азык түлүк баштыкчалары” даярдалып таркатылды


Факультетибиздин Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн кенже илимий кызматкери PhD Бодошов Айбектин жетекчилигинде жана бөлүмдүн “Gofood” студенттик клубунун активдүү катышуусу менен 14.03.2025 күнү  Бишкек шаарындагы Ленин районундагы аз камсыз болгон 17 үй-бүлөгө  ОРОЗО айынын урматына карата Салттуу иш-чарага айланып жаткан “Азык түлүк баштыкчалары” даярдалып таркатылды. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмеси Ленин райондук социалдык коргоо мекемесинен расмий түрдө алынды. Азык түлүк баштыкчалары ар бир үй-бүлөнүн жашаган даректерине жеткирилип берилди. Бул акцияга салым кошкон ар бир катышуучубузга терең ыраазчылык билдиребиз.