2025-06-18
Факультетибиздин тамак-аш инженерлиги бөлүмү тарабынан жылдык планында бекитилген "Китепкөй мектеп" социалдык иш-чарасы 23.05.2025 күнү өткөрүлдү. Бул иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын Ленин районундагы Султан Акмат кайрымдуулук мекемесине мекеменин окуучулары тарабынан суралган 20 даана илимий жана көркөм-адабий жанрдагы китептер тапшырылды. Мунун алкагында Султан Акмат кайрымдуулук мекемесинин китепкана фондуна жардам көрсөтүлдү. Иш-чаранын алкагында окуучуларга Кыргыз-Түрк "Манас" университети тууралуу кенен маалыматтар дагы берилди.