2025-07-08
2025-жылдын 18-июнунда Өнөр жай инженериги бөлүмүнүн окутуучулары PhD, доценттин м.а. Селчук Гөрен жана ага окутуучу Айбек Аданбаев “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” компаниясынын кеңсесинде университет-өнөр жай кызматташтыгын түзүү максатында компаниянын жетекчилери менен жолугушту.
Жолугушууда биздин университет менен Кока-Кола Бишкек Боттлерс ортосундагы мүмкүн болгон кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү кеңири талкууланды. Кызматташтыктын потенциалдуу багыттары, анын ичинде студенттерибиз үчүн стажировка мүмкүнчүлүктөрү, жогорку курстун дипломдук долбоорлорунда сектордук маселелерди чечүү жана биргелешкен изилдөө жана өнүктүрүү долбоорлору бааланды. Мындай кызматташтыктар студенттерибизге сектордук тажрыйба топтоого, теориялык билимдерин практикалык колдонмолор менен бекемдөөгө жана окууну аяктагандан кийин кесиптик жашоого жакшыраак даярданууга мүмкүндүк берери баса белгиленди. Ошол эле учурда, компаниянын операциялык процесстеринде кездешкен учурдагы көйгөйлөргө академиялык чечимдерди иштеп чыгуу жана билим алмашууну камсыз кылуу аркылуу эки тарап үчүн кошумча баалуулук түзүү максат кылынат.
Бул жемиштүү жолугушуу "университет - өнөр жай" кызматташтыгынын узак мөөнөттүү жана ийгиликтүү негизин түзөт деп ишенебиз.