2025-12-26


АНКАРА УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫК ТУУРАЛУУ ЖОЛУГУШУУЛАР


2025-жылдын 19 жана 26-декабрь күндөрү Түркия Республикасынын Анкара университетинин Суу башкаруу институту жана Инженердик факультети менен онлайн чогулуш өтүп, биргелешип иш алып баруу маселелери талкууланды. Ар бир профилдик бөлүмдөр менен жакындан таанышып, биргелешкен жана дисциплиналар аралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишилди. Эл аралык конгресс, семинар жана башка илимий иш-чараларды биргеликте өткөрүү, ошондой эле илимий макалаларды чогуу жазып, жарыялоого сунуштоо маселелери сүйлөшүлдү. Студенттерди, магистранттарды жана докторанттарды практикага жөнөтүү жана кабыл алуу боюнча сунуштар айтылды.