2022-04-20


"Жылдын мыктылары – ийгиликтүү студенттерди сыйлоо аземи” өткөрүлдү


Факультетибиздин бөлүмдөрүндө билим алып жаткан ийгиликтүү студенттерге 2022-жылдын 31-мартында ректораттын жыйындар залында Жылдын мыктылары – ийгиликтүү студенттерди сыйлоо аземи” аттуу программа өткөрүлдү.  

Студенттердин жалпы академиялык орточо баллы, сабактардагы ийгилиги, коомдук жана илимий иштерге катышуу критерийлери эсепке алынып  бааланган.

Ийгиликтүү студенттерге сертификаттар тапшырылып, факультеттин өнүгүшүнө чоң салым кошкон окутуучуларга ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Сыйлоо аземи университетибиздин проректору PhD, профессор Мустафа Орчан, Ректордун кеңешчиси жана Экономика жана башкаруу факультетинин декандын м.а. PhD, профессор Серхат Бурмаоглу, Баш катчы PhD, доцент Октай Өзгүл, Факультетибиздин декандын м.а., б.и.к., доцент Нурзат Тотубаева, бөлүм башчылары, профессордук - окутуучулук курам жана студенттердин катышуусу менен өткөрүлдү.

Программада студенттер үчүн салттуу ыр-бийлерден турган концерт тартууланды.