2022-04-22


ФАКУЛЬТЕТИБИЗДИН ЭКОЛОГИЯ ИНЖЕНЕРЛИГИ БӨЛҮМҮНҮН СТУДЕНТТЕРИ БАЖПИИге ЭКСКУРСИЯГА БАРЫП КЕЛИШТИ


2022-жылдын 13-апрелинде Экология инженерлиги бөлүмүнүн студенттери факультеттин декандын м.а., б.и.к., доцент Нурзат Тотубаеванын жетекчилиги алдында таанышуу иретинде  Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институту БАЖПИИге барып келишти. Жолугушуунун жүрүшүндө «Долбоорлорду ишке ашыруунун тажрыйбасы жана практикасы» жөнүндө БАЖПИИнин содиректору Болот Молдобеков тааныштырып берди. Институттун инженер-сейсмологу Алтынбек уулу Талант «Кыргызстандагы сейсмикалык байкоолордун азыркы абалы» деген темада баяндама жасады. Жолугушуунун соңунда студенттер БАЖПИИнин китепканасы жана сервердик бөлмөсү менен таанышышты.