2022-04-27


ЛИЦЕЙДИН ОКУУЧУЛАРЫНА ФАКУЛЬТЕТТИ ТААНЫШТЫРУУ ИШ-ЧАРАСЫ


2022-жылдын 22-апрелинде факультетибиз тарабынан уюштурулган тааныштыруу программасына И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин лицеинден 43 окуучу келип, факультетибиздин бөлүмдөрү тууралуу маалымат алышты. Алар факультеттин деканы б.и.к., доцент Нурзат Тотубаева жана мугалимдер менен таанышып, университеттин кампусун жана факультеттин лабораторияларын кыдырышты. Университеттин таанытуу тасмасы көрсөтүлүп, студенттик клубтардын аткарган жумуштары жана  окууга өтүү талаптары тууралуу да маалымат берилди.  Окуучулар бир күн болсо да Манастын студентинин жашоосунан бир күн жашап көрүштү. Натыйжада алар келээрки жылы университетибизге студент болуп келүү убадасын беришти.