2022-05-10


"АТА" КОНДИТЕРДИК ФАБРИКАСЫНА ЖАНА ОсОО “ЭКОПРОДУКТ АЗИЯ” ИШКАНАСЫНА ЭКСКУРСИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ


29.04.2022 күнү факультетибиздин Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн илимий кызматкери Бодошов А. жетекчилиги астында  3-курс студенттери үчүн GID-328 Тамак-аш өндүрүш жабдыктары сабагынын алкагында "АТА" кондитердик фабрикасына жана ОсОО “Экопродукт Азия” ишканасына экскурсия өткөрүлдү. Бөлүмүбүздүн 3-курсунун студенттери ишкананын өндүрүштүк цехтердеги технологиялык линиялардын компоновкасы, негизги жана жардамчы жабдыктар, аппараттар, алардын иштөө принциптери тууралуу  маалыматтарга ээ болушту.