2022-06-02


КАХРАМАНМАРАШ ТЕХНОШААРЧАСЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Инженердик факультеттин декан м.а., б.и.к., доцент Нурзат ТОТУБАЕВА менен Кахраманмараш Текнокенттин башкы директору профессор Мехмет Текеректин кызматташуу боюнча жыйыны өткөрүлдү.

Жолугушуу Кахраманмараш техношаарчасынын экосистемасынын бет ачары менен башталды. Жолугушууда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Инженердик факультетинин студенттеринин Кахраманмараш техношаарчасында стажировкадан өтүү маселеси талкуланды. Кызматташтыктын алкагында Инкубация Борборун түзүү боюнча да маселе каралды.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Инженердик факультети менен Кахраманмараш техношаарчасынын дагы бир ирет жыйын өткөрүүсү пландаштырылып, жолугушуу аяктады.