2022-11-28


«БИШКЕК» ЭРКИН ЭКОНОМИКАЛЫК АЙМАГЫНДАГЫ ИШКАНАЛАРГА ЭКСКУРСИЯ УЮШТУРУЛДУ


28.10.2022-жылы Электроника жана электр инженерлиги бɵлүмүнүн “EEM-311 Аналогдук электроника” курсунун алкагында, PhD., доцент Мирбек Турдуев тарабынан “Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы светодиоддук жарыктарды, лампаларды жана светодиоддук жарык берүүчү приборлорду чыгарган «Сталкер» ишканасынын фабрикасына экскурсия  уюштурулду. Саякаттын жүрүшүндө 3-курстун  студенттери өндүрүш аянтында жарык берүүчү лампаларынан тартып, бул приборлорду башкарган электроникага чейин светодиоддук жарык берүүчү түзүлүштөрдү байкап, карап чыгышты. Мындан тышкары, студенттер аймакта жайгашкан “LongStar” жүк жана сумка чыгаруучу фабрикага барышып, тармактын өндүрүш этаптары менен дыкат таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.