2022-12-28


«ГЕБЗЕ» ТЕХНИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ ЖАЙКЫ ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКА


2021-2022 окуу жылында Экология инженерлиги бөлүмүн  3 –курсунун 6 студенти (Азалия Орозбаева, Айгерим Асанкулова, Жаңылай Маликова, Айгул Жумабаева, Айжамал Темирбекова, Канышай Төлөнбаева) жайкы өндүрүштүк практикаларын Туркия мамлекетиндеги “Гебзе” техникалык университетинде ийгиликтүү өтүп келишти.  Алар кирденген топуракты тазалоо, биотехнология, микробалырлардын жардамы менен сууну тазалоо, электрохимиялык жол менен сууну тазалоо сыяктуу илимий багыттарда тажрыйба жүргүзүп, заманбап изилдөө ыкмалары менен таанышып келишти.