2024-04-23


2024 Жасалма интеллект боюнча мастер-класс


29-30-апрель жана 2-май күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өтө турган Жасалма интеллект боюнча мастер-класска даярсызбы?

Түркия Республикасынын Президентине караштуу Санариптик трансформация кеңсесинин салымы менен уюштурулуп жаткан аталган иш-чарада жасалма интеллект тууралуу маалыматыңызды арттырып, негизги деңгээлдеги тиркемелерди иштеп чыгуу жөндөмдөрүнө ээ боло аласыз.

Ректораттын жыйындар залы жана Инженердик факультетинде өткөрүлө турган мастер-класс катышуучуларга кеңири перспектива сунуштоо максатын көздөйт. Өткөрүп жибербеңиз!