2024-05-30


“Программалоо тилдеринин эволюциясы” темасында семинар өткөрүлдү.


2024-жылдын 26-апрелинде саат 16:00дө Өнөр-жай инженерлиги бөлүмүнүн "Моделдөө жана оптималдаштыруу" лабораториясында "Программалоо тилдеринин эволюциясы" темасында семинар өткөрүлдү. Баяндамачы Өнөр-жай инженерлиги бөлүмүнүн ага окутуучусу Айбек Аданбаев болду. Семинарда баяндамачы программалоо тилдеринин өнүгүү тарыхына токтолуп, программалоо тилдеринин муундары жөнүндө айтып берди жана инженердик багытта азыркы учурда актуалдуу болгон программалоо тилдерин белгилеп кетти.