2025-04-18
2025-жылдын 12-апрелинде Кыргыз-Түрк Манас университетинин өнөр жай инженерлиги бөлүмүнүн “INDUSTRY MANAS” студенттик клубу тарабынан студенттер үчүн атайын футболдук турнир уюштурулду.
Турнирге бөлүмдүн ар кайсы курстарынан түзүлгөн командалар катышып, таймаш кызуу жана достук маанайда өттү. Жыйынтыгында:
4-курс – 1-орунду жана Өнөр жай кубогун жеңип алышты,
3-курс – 2-орун,
2-курс – 3-орунду ээледи.
Мындан тышкары, мыкты оюн көрсөткөн оюнчулар грамоталар менен сыйланышты.
Бул турнир студенттердин ынтымагын бекемдөөгө, атаандаштык духун өнүктүрүүгө, жана спорт аркылуу дени сак жашоого үндөөгө багытталган иш-чара болду.
Уюштуруучулар турнирге колдоо көрсөткөн бөлүмдүн мугалимдерине терең ыраазычылык билдиришет.