2025-12-11


Өнөр жай инженериясы бөлүмүндө "Радио жыштык башкарууну автоматташтыруу" семинары


Өнөр жай инженериясы бөлүмү дисциплиналар аралык билим алмашууну кубаттаган иш-чараларынын катарына дагы бир жаңысын кошту. 2025-жылдын 11-декабрында, бейшемби күнү, Инженердик факультеттин MFFB-128 лабораториясында "Радио жыштык башкарууну автоматташтыруу" аттуу семинар болуп өттү. Өнөр жай инженериясы бөлүмүнүн ага окутуучусу Айбек Аданбаев тарабынан өткөрүлгөн семинар, зымсыз технологиялардын өнөр жай системаларындагы ролун жана келечегин түшүнүүнү каалаган катышуучулар үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк түздү.

Ага окутуучу Аданбаев саат 10.00'да башталган сунумунда радио жыштык (RF) менен башкаруунун негизги принциптерин жана анын заманбап өнөр жайдагы ордун түшүндүрдү. Ал өз сөзүндө зымсыз аппараттардын санынын өсүшү жана татаалдашкан өндүрүш чөйрөлөрүндө RF системаларын кол менен башкаруу жетишсиз болуп калганын белгилеп, автоматташтыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Акылдуу фабрикалардагы автономдуу мобилдик роботтордун (AGV) байланышынан баштап, логистикадагы RFID негизиндеги инвентардык башкарууга чейинки автоматташтыруунун практикалык колдонуу тармактарына токтолгон Аданбаев, бул системалардын операциялык натыйжалуулукту кантип жогорулатканын жана катачылыктардын деңгээлин кантип азайтканын мисалдар менен түшүндүрдү.

Техникалык мазмуну менен көңүл бурган семинар, катышуучулардын чоң кызыгуусу менен кабыл алынып, суроо-жооп бөлүмү менен интерактивдүү мүнөзгө ээ болду. Саат 12.00'дө аяктаган иш-чара, автоматташтыруу жана өнөр жай байланыш темаларына кызыккан студенттерге баалуу көз караш тартуулады. Семинар, Индустрия 4.0'дын негизги таштарынын бири болгон зымсыз башкаруу системалары боюнча тереңдетилген көз карашты сунуштап, бөлүмдүн ар кандай инженердик дисциплиналарды бириктирген заманбап темаларга болгон берилгендигин дагы бир жолу бекемдеди.