2025-12-12


Инженердик факультети 6 жылдан кийин волейбол боюнча чемпиондук кубокту жеңип алды


Инженердик факультетинин волейбол командасы университетибизде өткөрүлгөн факультеттер аралык волейбол турниринде чоң ийгиликке жетишип, чемпион болду. Алты жылдык узак тыныгуудан кийинки бул жеңиш бүткүл факультетте чоң кубаныч жана сыймыктануу менен кабыл алынды. Командабыздын турнир бою көрсөткөн эрктүүлүгү жана мыкты оюну чемпиондуктун эң чоң жарчысы болду.

Жеңилбеген бир да оюну жок чемпиондукка жеткен командабыз турнир бою ирети менен Чет тилдер жогорку мектебин, Айыл чарба факультетин, Кесиптик жогорку мектебин, Адабият факультетин, Экономика факультетин жана финалда Теология факультетинин командаларын жеңип, кубокко ээ болду. Ар бир беттеште көрсөткөн командалык оюну жана күрөшүү духу көрүүчүлөрдөн толук баа алды.

Бул тарыхый ийгиликте Өнөр жай инженериясы бөлүмүнүн студенттери да маанилүү роль ойношту. Команданын курамында биздин бөлүмдүн студенттери Мухаммедрасул Акынбек уулу (2-курс), Эмиркан Сулайманов (2-курс), Алманбет Наипов (2-курс), Шелчоро Султанбеков (3-курс) жана Эльдар Аманбеков (4-курс) көрсөткөн оюндары менен чемпиондукка чоң салым кошушту. Студенттерибиздин академиялык жана спорттук тармактагы ийгиликтери бизди, бөлүм катары, өзгөчө сыймыктандырат.

Бул маанилүү жеңиш командалык рухтун жана кайраттуулуктун эң сонун үлгүсү болуп калды. Чемпиондук кубокту факультетибизге алып келген кымбаттуу студенттерибизди жана бул ийгиликке салым кошкон ар бир адамды чын жүрөктөн куттуктап, ийгиликтеринин уланышын каалайбыз.