2023-03-28

PhD, профессор НАХИТ АКТАШТЫН «ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ДОЛБООРЛОРУН ДАЯРДОО ЭТАПТАРЫ» АТТУУ СЕМИНАРЫ


Химия инженерлиги бөлүмүнүн башчысы PhD, профессор Нахит Акташ тарабынан  магистрант жана докторанттарга илимий долбоор даярдоо багытында семинар өткөрүлдү. Дүйнө жүзү боюнча мамлекеттик жана жеке секторлор изилдөө жана өнүктүрүү (Ar-Ge) долбоорлоруна олуттуу колдоо көрсөтүп келе жатканына токтолгон профессор Акташ, мындай шарттардан пайдаланып калуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баса белгиледи. Өзгөчө Дүйнөлүк банк менен Европа биримдиги банктарынын дүйнөлүк деңгээлде жүргүзүлгөн долбоорлорго колдоо көрсөтүп келе жаткандарын белгилеп, эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгиледи.