2023-05-12

МАКСАТ КОЮУ ЖАНА ИШКЕРЛИК


Тема: «Максат коюу жана ишкерлик»

Уюштуруучу бөлүм: Тамак-аш инженерлиги бөлүмү

Иш-чаранын түрү: Илимий иш-чара (Panel)

Датасы, жери: 28.04.2023. саат 09.30, Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Маданият борбору залы

Иш-чаранын төрагасы: Ага окутуучу, х.и.к. Усубалиева Айгүл.

Иш-чаранын жардамчысы:  РhD., илимий кызматкер, Айбек Бөдөшов

Программа

09.30 – 09.40:  Ачылыш сөз. Конок менен тааныштыруу

09.40 – 09.50:   Декандан сөз

09.50 – 10.00:   Тамак-аш инженерлиги бөлүм башчынын ачылыш сөзү

10.00 - 10.30:  Исираилов Бактыбек Мамбетович ишкер, тема: «Максат коюу жана ишкерлик» темасында өздүк тажрыйбалар менен бөлүшүү.

10.30-11.00:  Суроо-жооп, талкуулоо.

11.00-11.10:  Сүрөткө түшүү. Жыйынтыктоо

2023-жылдын 28-апрель күнү саат 9.30да Инженердик факультетибиздин Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн ага окутуучу Др. Айгуль Усубалиеванын жетекчилиги астында факультетибиздин студенттери жана магистрлери үчүн семинар өттү. Семинарга 1996-2017 жылдары “Шоро” компаниясында, 2018-2023 “Кант Сүт” компанияларында жетекчилик кызматтарда иштеген, тажрыйбалуу ишкер Исираилов Бактыбек Мамбетович «Максат коюу жана ишкерлик» темасында өздүк тажрыйбалар менен бөлүштү.