2023-05-15

“Жер жүзүн сактайлы”


 “Жер күнүнө” карата 2023-жылдын 20-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Маданият борборунда экология инженерлиги бөлүмү жана “БИОТА” студенттик эко клубу тарабынан уюштурулган “Жер жүзүн сактайлы”  аттуу тегерек үстөл болуп өттү. Жыйынга инженердик факультеттин деканы б.и.к.,  доц.  Нурзат Тотубаева, экология инженерлиги бөлүмүнүн башчысы т.и.д., проф. Зарлык Маймеков, Кыргызстандын ар кайсы секторунда  иштеп жаткан экология инженерлиги бөлүмүн бүтүрүүчүлөрү, факультеттин академиялык курамы жана студенттер катышышты.

Ачылыш аземинде инженердик факультеттин деканы б.и.к.,  доц.  Нурзат Тотубаева, экология инженерлиги бөлүмүнүн башчысы т.и.д., проф. Зарлык Маймеков кафедрага чыгып сүйлөштү.

Жыйында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын атмосфералык абанын булгануусун байкоо бөлүмүнүн башкчысы Бегаим Алипова, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча КРнын улуттук платформасынын эксперти Мээрим Асанбай кызы, Кумтөр алтын кен компаниясысынын калдыктарды башкаруу бөлүмүнүн башчысы Акжол Акжигит уулу “Инженер эколог адистеринин мамлекеттик кызматтагы жана  өндүрүштөгү орду жана мүмкүнчүлүктөрү“ аттуу доклад жасашты жана ар бир доклад кызыктуу талкууланды. Жолугушууда мекемелердин өкүлдөрү инженердик факультетке “ыраазычылык баракчаларын”, ал эми экология инженерлиги бөлүмүнүң академиялык курамы да бүтүрүүчүлөргө белектерди тартуулашты. Тегерек үстөлдүн жыйынтыгында бүтүрүүчлөрүбүз университетибизге четин жана арчаларды тартуулады жана инженердик факультетинин имаратынын алдында бак тигүү аземи болуп өттү.