2023-05-22

"ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТАР ЖАНА ЭКОЛОГИЯЛЫК КƟЙГƟЙЛƟР" аттуу илимий жыйыны өткөрүлдү


2023-жылдын 16-май күнү Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Ч.Айтматов кампусунун ректорлук конференция залында Инженердик факультеттин Экология инженерлиги бөлүмү тарабынан уюштурулган “Табигый кырсыктар жана экологиялык кɵйгɵйлɵр аттуу пикир алмашуу илимий жыйыны өткөрүлдү. Иш-чарага университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, КР Улуттук илимдер академиясынын президенти, КР УИА мүчɵ-корреспонденти, г-м.и.д., профессор Абдрахматов Канатбек Ермекович, Химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл-чарба илимдери бөлүмүнүн башчысы, Химия жана фитотехнология институтунун директору, КР УИА мүчɵ-корреспонденти, б.и.д., профессор Шалпыков Кайыркул Тунгатарович, КТМУ факультет жана жогорку мектеп декандары жана мүдүрлөрү, инженердик факультеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышышты. Жыйында Табигый кырсыктар жана экологиялык кɵйгɵйлɵр тууралуу илимий билдирүүлөр жасалып, пикир алмашуу, суроо-жооп форматында өттү.