2023-06-21

«БҮТҮРҮҮ ИШТЕРИНИН КӨРГӨЗМӨСҮ»


2023-жылдын 15-июнь күнү Инженердик факультеттин 2022-2023-окуу жылынын бүтүрүүчүлɵрү тарабынан дипломдук иштеринин негизинде даярдалган «Бүтүрүү иштеринин кɵргɵзмɵсү» ɵттү. Кɵргɵзмɵдɵ студенттер постер даярдап, ар бирɵɵ ɵз иши тууралуу кыскача баяндама беришти. Экология инженерлиги, Тамак-аш инеженерлиги, Химия инженерлиги жана Ɵнɵр-жай инженерлиги бɵлүмдɵрүнүн студенттери тарабынан бүтүрүү иштеринин алкагында аткарылган илимий изилдɵɵ иштеринин жыйынтыктары чакырылган адистердин кызуу талкуусун жаратты. Компьютердик инженерия бɵлүмүнүн студенттери тарабынан даярдалган кызыктуу сайттар жана жаш балдар үчүн даярдалган оюндарды иш жүзүндɵ кɵрүүгɵ жана ойноп кɵрүүгɵ мүмкүнчүлүк түзүлдү. Электроника жана электр инженерлиги бɵлүмү тарабынан болсо акылдуу эшик системасы,  автоматтык түрдɵ бош жерге унааны жайгаштыруу жана күн энергиясын алуу системасынын  ɵрнɵк моделдерин  даярдап катышуучулардын кызыгуусун жаратышты.  

Кɵргɵзмɵгɵ катышкан студенттерге Ыраазычылык баракчасы жана бɵлүмдɵрү тарабынан атайын даярдалган белектер ыйгарылды.