2023-09-04

ЖАӉЫ ƟЗБЕКСТАН УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОФЕССОРЛОРУ КТМУга ИШ САПАРЫ МЕНЕН КЕЛИШТИ


Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен жакындан таанышуу, информатика, жасалма интеллект жана адам менен компьютердин ортосундагы байланыш (HCI) тармактарында биргелешкен иш-аракеттерди, магистратура жана докторантура студенттеринин алмашуу программаларын ишке ашырууну талкуулоо максатында Жаңы Өзбекстан университетинен (Ташкент) проф., док.  Sanghyuk Lee жана Daegu университетинен (Коея) проф., док. Sehyun Park, проф., док. Kyuman Jeong жана проф., док. Yosoo Oh атайын иш сапары менен 2023-жылдын 28-августунда инженердик факультетинде болушту. Инженердик факультеттин деканы доц., док. Нурзат Тотубаева жана Экономика жана башкаруу факультетинин деканы проф., док. Серхат Бурмаоглу катышкан жыйында университетибизге келген профессордук-окутуучулук курам Daegu университетиндеги жасалма интеллект жана терең үйрөнүү боюнча изилдөөлөрү ошондой эле докторантура программалары тууралуу кенен маалымат беришти. Мындан тышкары, келечекте жасала турган биргелешкен илимий изилдөөлөр жана докторантура программалары тууралуу талкууланды.