Аксарай университети менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ортосунда кол коюлган кызматташуу протоколунун алкагында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Экология инженериясы бөлүмүнүн үч студенти Аксарай университетинде илимий стажировкадан өтүшүүдө.
Айдай ТОКТОГУЛОВА, Айчолпон САДИРОВА жана Бегимай ТАШТАНОВА 2025-жылдын 4-19-август күндөрү Аксарай университетинин Табигый илимдер жана гуманитардык факультеттин химия бөлүмүндө стажировкадан өтүшүүдө. Практика ишин б.и.к., доцент Нурзат ТОТУБАЕВА жана PhD, профессор Мехмет ОДАБАШЫ координациялоодо.
Практика программасынын алкагында студенттер экологиялык химиянын маанилүү маселеси болгон “Азот камтыган жана айлана-чөйрөнүн булганышына себепкер болгон фармацевтикалык каражаттар” темасында илимий изилдөө жүргүзүшөт. Бул долбоор студенттердин изилдөө жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө жана экологиялык маселелерди чечүү ыкмаларга салым кошууга багытталган.
PhD, профессор Мехмет ОДАБАШЫга студенттерибизге көрсөткөн колдоосу жана жылуу меймандостугу үчүн ыраазычылык билдиребиз.