2026-03-02

TEKNOFEST тууралуу маалымат берүү программасы


КУЛАКТАНДЫРУУ
Факультетибиздин 3- жана 4-курстун студенттерине Билим Бишкек Борбору тарабынан TEKNOFEST тууралуу маалымат берүү программасы уюштурулат.
Программанын алкагында TEKNOFEST 2026 технологиялык мелдештеринин мазмуну жана багыты, мелдеш категориялары, катышуу шарттары, команда түзүү тартиби, каттоо календары жана долбоор даярдоо этаптары боюнча кеңири маалымат берилет.
Технология жана инновация багытында долбоор иштеп чыгууну максат кылган бардык 3- жана 4-курс студенттерин активдүү катышууга чакырабыз.

Күнү: 03-март 2026-жыл, шейшемби
Сааты: 11:00
Жери: Касым Тыныстанов атындагы конференция залы