2026-03-02

Инженердик жана Табигый илимдер факультеттеринин академиялык жана административдик кызматкерлеринин арасында тогуз коргоол, шахмат жана стол тенниси боюнча байгелүү орундар


2026-жылдын 14-15-январларында факультеттер аралык академиялык жана административдик кызматкерлеринин ортосунда өткөрүлгөн тогуз коргоол жана шахмат боюнча мелдештерде, ошондой эле 2026-жылдын 21-22-январларында жыйынтыкталган стол тенниси боюнча таймаштарда Инженердик жана Табигый илимдер факультеттеринин кызматкерлеринен куралган FM командасы түрдүү багыттарда байгелүү орундарга ээ болуп, өз факультеттеринин намысын ийгиликтүү коргошту.

Тогуз коргоол боюнча мелдеште (14-январь 2026-жыл)

  • Кыз-келиндер арасында командабыздын айымдары Алтынай КУТУБАЕВА жана Пейил ЭСЕНГУЛ КЫЗЫ биринчи орунду багындырышты.

Шахмат боюнча мелдеште (15-январь 2026-жыл)

  • Эркектер арасында окутуучуларыбыз Мехмет КАРАДЕНИЗ жана Айбек АДАНБАЕВ командасын биринчи орунга чыгарышты.
  • Кыз-келиндер арасында командабыздын мүчөлөрү Пейил ЭСЕНГУЛ КЫЗЫ жана Бермет КЫДЫРАЛИЕВА экинчи орунга ээ болушту.

Стол тенниси боюнча мелдеште (21-22-январь 2026-жыл)

  • Эркектер арасында окутуучуларыбыз Айбек АДАНБАЕВ жана Кубат КЕМЕЛОВ үчүнчү орунду алды.
  • Кыз-келиндер арасында окутуучуларыбыз Азат АКМАТБЕКОВА жана Элла АБЫЛАЕВА үчүнчү орунга ээ болду.

Бул жетишкендиктер Инженердик жана Табигый илимдер факультеттеринин окутуучулары академиялык ишмердүүлүктөн тышкары аналитикалык ой жүгүртүү, стратегия иштеп чыгуу жана тартипти талап кылган тармактарда да күчтүү дараметке ээ экендигин далилдейт. Факультеттерибиздин намысын ийгиликтүү коргогон бардык академиялык жана административдик кызматкерлерибизди куттуктайбыз.