2022-04-14
КЫРГЫЗСТАНДЫН ТОО ЭКОСИСТЕМАСЫНЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК КӨЙГӨЙЛӨРҮ ЖАНА АЛАРДЫ ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУ
Факультетибиз тарабынан 2022-жылдын 19-апрель күнү Кыргызстанда жарыяланган 2022-жыл - Тоо экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылына карата “Кыргызстандын тоо экосистемасынын экологиялык көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору” аттуу семинар өткөрүлөт.
Датасы : 19-апрель 2022
Сааты : 10:00
Жери : КТМУ, Ч.Айтматов кампусу, Турмуш-тиричиликти тейлөө комплексиндеги көп функционалдуу жыйын залы
ПРОГРАММА
Ачылыш сөзү: б.и.к., доцент Нурзат Тотубаева, КТМУ Инженердик факультеттин деканы
Пленардык отурум:
Модератор: б.и.к., доцент Нурзат Тотубаева
- Ибраев Эмиль Бекбоевич, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш Ресурстары, Экология жана Техникалык Көзөмөл Министрлигине Караштуу Биотүрдүүлүктү жана Өзгөчө Корголуучу Жаратылыш Аймактарын Сактоо Департаментинин директору: “Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары”
- Кумар Мамбеталиев, “Ысык-Көл” биосфералык аймагынын дирекциясынын директору: “Ысык-Көл” биосфералык аймагынын экологиялык абалы”
Биргелешкен долбоорлордун бет ачары, б.и.к., доцент Нурзат Тотубаева:
- «Ысык-Көлдүн жээк экосистемасынын антропосферага айлануу даражасын анализдөө. Табигый ландшафттардын табигый потенциалын жана экологиялык тобокелдикти баалоо»
- «Жээк экосистемаларын багбанчылык плантацияларына айландыруунун экологиялык коркунучун баалоо»