2022-06-07

«БҮТҮРҮҮ ИШТЕРИНИН КӨРГӨЗМӨСҮ»


Инженердик факультеттин бардык бөлүмдүрүнүн бүтүрүүчү курстары арасында бүтүрүү иштеринин жарышмасы жарыяланат.

Жарышмага инженердик факультеттин баардык бүтүрүүчүлөрү катышышат.

Конкурстун эрежелери:

  1. Дипломдук иши боюнча тиркемедеги шаблонго ылайыктуу А2 форматта түстүү постер даярдоо;
  2. Постерди 2022-жылдын 27-июнь күнү инженердик факультеттин биринчи кабатындагы стенддерге илүү;
  3. 1-июль күнү саат 10:00-12:00 арасында даярдалган постерди комиссиянын алдында жактоо.

Ар бир катышуучуга сертификат жана белек берилет, ал эми жеңүүчүлөргө аты-жөнү жазылган жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин логотиби басылган, жекелештирилген белектер берилет.

Жеңүүчүлөр факультеттин атайын баалоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

Куттуктоо жана белектерди тапшыруу аземи 1-июль күнү саат 10:00-12:00 арасында инженердик факультеттин биринчи кабатында өткөрүлөт.

Эскертүү: Куттуктоо аземине ар бир тармактын алдыңкы өндүрүшчүлөрү чакырылгандыктан, ар бир бүтүрүүчүгө резюмесин кошо даярдап келүүсү сунушталат. Ошондой эле бардык бүтүрүүчүлөрүбүздүн ата-энелери, жакындары жана достору куттуктоо аземине катышса болот.

Кошумча жана толук маалымат үчүн дипломдук иштин жетекчилерине кайрылса болот. Студенттердин постерлерин басып чыгарууга инженердик факультет тарабынан жарым-жартылай колдоо көрсөтүлөт.