2024-12-06


«Маданият кызматкерлери күнүнө» карата куттуктоо программасы


Кыргызстанда «2-ноябрь - маданият кызматкерлеринин күнү» катары куттукталып келе жаткандыгына байланыштуу, 2024-ж. 15-ноябрь күнү коомдук иш-чаралар алкагында факультетибизде иш-чара өткөрүлдү.

Бул иш-чарага университетиздин ректорунун данышманы PhD., профессор Кемал Полат, Кыргыз республикасынын эл артисти, Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрынын артисти Жамиля Сыдыкова, КР Эл сүрөчүсү, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр уюмунун башкармалыгынын мүчөсү профессор Сүйүтбек Төрөбеков, Т.Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук Көркөм Сүрөт Академиясынын живопись кафедрасынын жетекчиси, КР Сүрөтчүлөр уюмунун мүчөсү Талгат Султаналиев, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр уюмунун мүчөсү Талгат Бокоев, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр уюмунун мүчөсү  Жаныбек Сүйүнбеков, Кыргыз  Мамлекеттик С.А.Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайынын живопись бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр уюмунун мүчөсү Азамат Абакиров, Кыргыз  Мамлекеттик С.А.Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайынын станоктук - графика бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр уюмунун мүчөсү Аким Турганбаев, Кыргыз  Мамлекеттик С.А.Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайынын окутуучусу, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр уюмунун мүчөсү Азамат Ташматов, Кыргыз  Мамлекеттик С.А.Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайынын “Кийим дизайны” бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр жана Дизайнерлер уюмдарынын мүчөсү Насият Шейшембек кызы, декандар, университетибиз жана факультетибиздин жамааты катышты.

Факультетибиздин деканы PhD., профессор Күршад Гүлбейаз искусствонун коомдогу ордуна жана маданият кызматкеринин ролу абдан маанилүү экенин баса белгилеп токтолду. Маданият кызматкерлеринин эмгектерин урматтоо жана колдоо максатында бөлүм башчылары менен чогуу белектер тапшырылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө музыка бөлүмүнүн студенттери, Түрк дүйнөсү оркестри, Манастын кыздары жана  Түрк элдик бий топтору тарабынан кыргызча, орусча, испанча тартууланган концерттик программа көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрдү.

Иш-чаранын аягында конокторго кофе-брейк уюштурулупуп, баарлашуу менен аяктады. Факультетибиздин демилгеси менен уюштуруглган иш-чарага катышкан маданият кызматкерлери, Манас университетине жана факультетибизге ыраазычылыгын билдиришти.

Маданият кызматкерлери жана катышуучулар үчүн жагымдуу көз ирмемдерди тартуулаган бул иш-чара маданият тармагында эмгектенгендер күнүнүн маанилүү экендигин ортого койду деп ишенебиз.