2026-11-10


Көркөм өнөр факультетинин студенттери MANAS E-LAB борборуна барышты


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Көркөм өнөр факультетинин Графика бөлүмүнүн студенттери 2026-жылдын 30-октябрында университеттин алдында иш алып барган MANAS E-LAB борборуна барышты.

Иш сапардын жүрүшүндө MANAS E-LAB долбоорунун координатору доц. д-р Азамат Максудунов студенттерге долбоордун максаттары, ишмердүүлүк багыттары жана жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берди. Erasmus+ программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан MANAS E-LAB долбоору жогорку билим берүү тармагында студенттик ишкердикти, инновацияны жана туруктуу өнүгүүнү колдоону максат кылат. Долбоордун алкагында түзүлгөн инновациялык чөйрөлөр, практикалык билим алуу мүмкүнчүлүктөрү, ишкердик боюнча окутуулар жана ментордук колдоо тууралуу студенттерге кеңири маалымат берилди.

Бул иш сапар чыгармачылык багытта билим алып жаткан Графика бөлүмүнүн студенттери үчүн ишкердик, инновация жана дисциплиналар аралык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу жагынан маанилүү тажрыйба болду. Студенттер университеттин ишкердик жана инновациялык экосистемасы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Көркөм өнөр факультети студенттердин ар түрдүү ишмердүүлүк багыттары менен таанышуусун, жаңы идеяларды иштеп чыгуусун жана дисциплиналар аралык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн ачышын колдогон мындай иш-чараларга өзгөчө маани берет.