2023-04-07


Керемет комуз күүлөрү


2023-жылдын 6-апрелинде Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында, музыкалык искусство бөлүмүнүн ага-окутуучусу Эльвира Насрамбекова тарабынан даярдалган К.Р эл артисти, белгилүү комузчу, Намазбек Уралиев менен баарлашуу кечеси өтө кызыктуу өттү. Кечеде музыкалык искусство бөлүмүнүн комузчулар ансамбли бир нече күүлөрдү жогорку деңгээлде аткарып беришти. Намазбек Уралиев классикалык кара күүлөрдү чертүү менен катар, күүлөрдүн чыгыш тарыхын кеңири баяндап, угуучуларга кызыктуу дил-маек курду.

Кеченин аягында факультеттин деканы доц. Анарбек Ибраев жана проф.док. Лейли Үкүбаева чыгып Намазбек Уралиевке жана Эльвира Насрамбековага ыраазычылыктарын билдирип, белектерин тапшырышты.