2023-05-26


Бүтүрүүчүлөрүбүздүн зор ийгилиги


2023-жылдын 26-майында университетибиздин Маданият жана Конгресс борборунун жыйындар залында, музыкалык искусство бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү Айзирек Абдирашитова, Жазгүл Салидинова, жана Мейликан Темированын "Ырымда сага арнаймын" аттуу жеке концерти угуучулар тарабынан жылуу кабыл алынып, ар бир аткарган чыгармалар зор ийгилик жаратып турду. Белгилүү ырчылар Азат Садыков, Урмат Сатыбалдиев жана Урмат Токомбаев концерттин көркүн ачышып, угуучуларыбызга чоң эстетикалык рахат тартуулашты.