2023-11-10


Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата концерт


2023-ж. 3-ноябрында Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинин Маданият жана Конгресс борборунун жыйындар залында Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата концерт болуп өттү. Иш-чарага Университетибиздин биринчи проректору Каламбекова Бактыгул Рыспаевна, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты Министрлигинин өкүлү Нусубалы Жакыпбеков, Б.Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство Университетинин ректору Колдошев Түмөнбай Рахманович катышышты. Көркөм өнөр факультетинин бир катар кызматкерлери Министрликтин Ыраазычылык баракчасы менен сыйланышты. «Түрк дүйнөсү» оркестри жана солисттери, студенттер кеңири программадагы концерт беришти.