2023-11-24


Университеттер аралык "Кыз-жигит-Сармерден" оюну


Университеттер аралык "Кыз-жигит-Сармерден" оюну 23.11.2023-ж. Университетибиздин Маданият борборунда Б.Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство Университетинин жигиттери жана "Манас" Университетибиздин Көркөм өнөр факультетинин кыздары ортосунда болуп өттү. Сармердендин талабына ылайык ар кыл жанрдагы мелдеште эки тарап тең чыгармачылык бийиктикти жаштык эргүү менен угуучуларыбызга кызыктуу тартуу кылышты. Университетибиздин Ректор жардамчысы доц, Камалбек Карымшаков жана Маданият жана Искусство Университетинин ректору Колдошев Түмөнбай Рахманович катышышты.