2023-12-07


Факультетибиздин социалдык жоопкерчилик боюнча иш-чараларынын алкагында Сокулук реабилитация борборуна моралдык жана материалдык жардам көрсөтүлдү


Факультетибиздин социалдык жоопкерчилик боюнча иш-чараларынын алкагында факультеттин деканы Проф. Др. Чагатай АКЕНГИН, бөлүм башчылары, окутуучулары, «Түрк Дүйнөсү» оркестри жана солисттери тарабынан Сокулук реабилитация борборуна моралдык жана материалдык жардам көрсөтүлдү. Иш сапардын жүрүшүндө реабилитациялык борбордо дарыланып жаткан балдарга концерттик программалар жана оюн –зооктор тартууланды.