2023-12-29


«Жалпы фортепиано» предмети боюнча музыка бөлүмүнүн мугалими Даулова Айзара тарабынан ачык сабак жана салтанаттуу жыйналыш өттү


2023-жылдын 29-декабрында 1-3-курстун студенттери үчүн «Жалпы фортепиано» предмети боюнча музыка бөлүмүнүн мугалими Даулова Айзара тарабынан ачык сабак болуп өттү. Жаңы жылдык темадагы пьесалар, ошондой эле пианино боюнча дуэттер аткарылды.

Ачык сабактан кийин салтанаттуу жыйналыш өттү. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Факультетибиздин окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу боюнча сертификаттар да тапшырылды.