2024-03-13


“Ата Журттан кичи мекенге” аттуу жаз концерти


2024-жылдын 11-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин конгресс жана маданият борборунда уюштурулган “Ата Журттан кичи мекенге” аттуу жаз концерти музыка сүйүүчүлөрүн керемет атмосферада жолугуштурду.

КТМУнун көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн окутуучулары Нежип Йылгын жана Эльвира Насырамбекова тарабынан уюштурулган иш-чаранын биринчи бөлүгүндө саз менен Анадолу күүлөрү комуздун сыйкырынын коштоосунда угуучуларды Ата Журттан Анадолуну көздөй алып барды.

Ал эми экинчи бөлүгү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Түрк дүйнөсү”оркестринин катышуусунда өттү. Дирижёр Рысбек Жумакунов жетектеген оркестр угуучуларга жагымдуу обондорго толгон музыкалык маанай тартуулап, кечени шаңга бөлөдү.