2024-04-18


2024-жылдын 27-апрелинде музыка бөлүмүнүн ага окутуучусу Ирфан Гюрдал семинар өткөрдү


2024-жылдын 27-апрелинде өзүнүн семинарында музыка бөлүмүнүн ага окутуучусу Ирфан Гюрдал Ыклыг музыкалык аспабы менен тааныштырды. Ошондой эле Түрк дүйнөсүнүн эң байыркы аспаптарынын аталыштарындагы орток өзгөчөлүктөргө көңүл буруп, бул жаатта жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөргө токтолуп, эки кылдуу кыл аспаптардын физикалык өзгөчөлүктөрүн, этимологиялык жолдорун сунуштады.