2024-05-10


Жеңиш күнүнө карата концерт


2024-жылдын 8-майында музыка бөлүмүнүн студенттери «Акниет» турмуштун оор кырдаалына туш болгон балдар борборунда Жеңиш күнүнө карата концерт берип келишти. Концертте комуз, гитара чертишип, Улуу Ата Мекендик согуш убагындагы ырларды аткарышты. Угуучулар концертти жылуу кабыл алышты.