2026-03-31


Көркөм өнөр жана адабият факультетинен маңыздуу социалдык жоопкерчилик иш-чарасы


Көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмү жана адабият факультетинин философия бөлүмү менен биргеликте 2026-жылдын 24-мартында Бишкектеги Карылар үйүнө жана майыптар үчүн кам көрүү борборуна маңыздуу сапар жасалды.

Окутуучулардын жана студенттердин катышуусунда уюштурулган иш-чаранын алкагында музыка бөлүмүнүн студенттери тарабынан концерттик программа тартууланды. Чоң кызыгууну жараткан иш-чарада коюлган спектаклдер карылар үйүнүн тургундарына жагымдуу жана эмоционалдуу учурларды тартуулады. Иш-чаранын алкагында КТУ «Манас» атынан карылар үйүнө каржылык колдоо көрсөтүлдү. Бул социалдык жоопкерчилик иш-чарасы карылардын маанайын жана мотивациясын көтөрүп, студенттердин социалдык аң-сезимин өнүктүрүүгө салым кошту. Чын жүрөктөн жана жылуу маанайда өткөн программа карылар үйүнүн тургундарынын канааттануусу менен аяктады.