2026-05-21
19-Май — Ататүрктү эскерүү, Жаштар жана спорт майрамына арналган иш-чарага «Оба» чай багында Түркия Республикасынын Бишкектеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем, КТМУнун ректору профессор, доктор Алпаслан Жейлан, академиялык жана административдик кызматкерлер, ошондой эле көптөгөн студенттер катышты.
Иш-чарада сахнага чыккан Көркөм өнөр факультетинин алдындагы Түрк дүйнөсү оркестри аткарган чыгармалар көрүүчүлөргө унутулгус ирмемдерди тартуулады. Концерттик программада түрк дүйнөсүнүн жалпы маданий мурасын чагылдырган чыгармалар жогорку баага ээ болду.
19-Май майрамынын мааниси менен мазмунуна ылайык даярдалган репертуар жаштык рухун, биримдик жана ынтымак сезимин музыка аркылуу көрүүчүлөргө жеткирди. Студенттердин сахналык аткаруулары жана чыгармачыл жамааттардын ийгиликтүү өнөрлөрү иш-чарага өзгөчө көрк кошту.
Иш-чара университетибиздин маданий жана көркөм жашоосуна салым кошкон маанилүү маданий программа катары бааланды.

