2023-11-06

“Манас" университетинин студенттеринин көз жоосун алган "Республика" көргөзмөсү


Үстүбүздөгү жылдын 27-октябрында Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына карата Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Курманжан Датка атындагы сүрөт галереясында көркөм өнөр факультетинин живопись жана графика бөлүмдөрү тарабынан уюштурулган “Республика” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү искусство сүйүүчүлөр менен жолугушту.

Көргөзмөгө Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректорлор профессор Мехмет Сезаи Түрк, доцент Камалбек Карымшаков, ректордун кеңешчилери профессор Режай Доган, профессор Серхат Бурмаоглу, профессор Олгун Чичек, башкы катчы, доцент Октай Өзгүл, көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Чагатай Акенгин, окутуучулар жана студенттер катышты.

Аталган көргөзмөдө живопись бөлүмүнүн студенттеринин зор эмгек жасаган майлуу живопись жана көмүр менен тартылган эмгектери, графика бөлүмүнүн 2-курсунун студенттеринин "Республика" темасына арналган плакаттары көрсөтүлдү.

Ошондой эле графика бөлүмүнүн 2-курсунун студенттери тарабынан заманбап санариптик иллюстрация техникасы менен даярдалган плакаттар жана классикалык линогравюра техникасы менен жасалган иллюстрациялар көңүлдөрдү бурду.

Иш-чаранын ачылыш сөзүндө Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан башкаруунун республикалык формасынын улуттар үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин айтып, түрк мамлекеттери республикалык башкаруу формасын тандап алышкандарын канааттануу менен белгиледи жана түрк дүйнөсүнүн өнүгүп-өсүшүнө ийгиликтер каалады.

Түркия Республикасынын негизги баалуулуктарына жана тарыхына багытталган эмгектер көрүүчүлөргө эмоционалдык жана интеллектуалдык тажрыйба тартуулады.

Көз жоосун алган бул көргөзмө искусствонун күчүн жана Республиканын маанисин даңазалоону каалаган көрүүчүлөр үчүн Курманжан Датка атындагы сүрөт галереясында 3-ноябрга чейин уланат.