2023-11-06

«Маданият кызматкерлери күнүнө» карата уюштурулган концерт


Кыргызстанда «2-ноябрь - маданият кызматкерлеринин күнү» катары куттукталып келе жаткандыгына байланыштуу, 2023-ж. 3-ноябрь күнү коомдук иш-чаралар алкагында факульттибизде иш-чара өткөрүлдү.

Бул концертке университетиздин биринчи проректору, э.и.к. Каламбекова Бактыгүл Рысбаевна, Кыргыз мамлекеттик маданият, спорт жана жаштар министрлигинин өкүлү  Жакыпбеков Нусубалы мырза, Бүбүсайра Бейшеналиева атындагы мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору ф.и.к. Колдошев Тумөнбай Рахманович, Муратаалы Куренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору Советжан Асанкалый, Тургунбай Садыков атындыгы улуттук көркөм сүрөт академиясынын башчысы Макенжанов Марат, живопись кафедрасынын мугалими Исраилова Динара, керамика кафедрасынын окутуучусу Эрназаров Шадыбек, С.А. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайынын кийимдин дизайн бөлүмүнүн жетекчиси Шейшембек кызы Насият, айлана-чөйрөнү дизайн көркөмдөп, жасалгалоо бөлүмүнүн башчысы Калуев Табылды Жаанбаевич, живопись сабагынын мугалимдери жана окуучулары, Т.Абдуʍᴏʍунᴏʙ ᴀᴛындᴀᴦы Кыᴩᴦыɜ улуттук академиялык драма театрынын эл артисттери жана эмгек сиңирген артисттери Жумалиева Жумагул, Сейдалиева Калича, Калмуратов Илим, университетибиз жана факультетибиздин жамааты катышты.

Кыргыз мамлекеттик маданият, спорт жана жаштар министрлигинин өкүлү Жакыпбеков Нусубалы мырза, «Маданият кызматкерлеринин күнүнө» карата факультетибиздин деканы проф.др. Чагатай Акенгинге, декандын орун басарынын милдетин аткаруучу ага окутуучу Себахаттин Сиврикаяга, факультеттин административдик иштер боюнча декандын жардамчысы Мамбеталиева Толгонайга, живопись бөлүмүнүн ага окутуучусу Жанапилов Адилетке, административдик кызматкерлер Чымырбекова Сымбат жана Калиева Динарага ыраазычылык каттарын тапшырды.

Министрлик тарабынан тапшырылган ыраазычылык катта министр Максүтов Алтынбек мырза аты аталгандарга «Жемиштүү кызматташуу үчүн сизге ыраазычылык билдирем. Биздин биргелешкен иш-аракеттер өнөктөштүктү сактап, мындан ары өнүктүрөт деген ишеничин» билдирди.

Маданият кызматкерлеринин эмгектерин урматтоо жана колдоо максатында аркасынан факультетибиздин  «Түрк дүйнөсү оркестри», «Манастын кыздары» бий тобу жана таланттуу студенттерибиз тарабынан концерт берилди